Бишкекте №40, №44 жана №227 автобустардын каттамдары өзгөрдүАнонимдүү даттануулар жана беш күндүк текшерүү: КРда буллингге каршы күрөштү күчөтүү сунушталууда8-октябрь: Ошто жамгыр жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйтКурулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөт
Кыргыз-тажик чек арасы ачылды
13.03.2025 | 14:28
Бүгүн, 13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы “Кайрагач” жана “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү бекеттеринин иши кайра жанданды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бекеттерди ачуу аземине Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон онлайн режимде, ошондой эле эки өлкөнүн чек арага чектеш облустарынын жетекчилери жана орун басарлары жеринде катышкан.
Бул иш-чара Эмомали Рахмондун Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлүүдө.