Бишкекте чет элдик жаран уюштурган көмүскө притон аныкталды

13.11.2025 | 13:47

Бишкек шаарында караоке-бар катары иш алып барган көмүскө притон аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзамсыз жай чет элдиктер үчүн интимдик кызматтарды көрсөтүп жүргөнү аынкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо, же болбосо ыплас аракеттерге ортомчулук, же болбосо сутенердук кылуу” беренеси менен иш козголуп, аталган жайды уюштуруучусу катары Ж.И. аттуу чет мамлекеттин жараны кармалган.

Ал барга келген кардарлар үчүн кыздарды тандап, көрсөтүлгөн эскорт жана башка кызматтардан материалдык пайда көрүп турганы белгилүү болгон.

Кармалган чет элдик жаран УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө баңги заттарга окшош заттар жана өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттары табылып, далил зат катары алынган.

Scroll to Top