ЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталдыТурак жай жана компенсациялар: КРда кооптуу аймактардан көчүрүүнүн жаңы тартиби сунушталуудаДүйнөдө 2 миллиарддан ашык адамдын көрүүсү начарлаган — ДСУнун маалыматы жана сунуштарыКыргызстанда газ үчүн төлөмдү кайсы күнгө чейин төлөө керектиги эскертилдиКыргызстанда мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салуу шарттары өзгөртүлдү«Тоолор өз убагында артка чегинүүнү үйрөтөт»: альпинист Дмитрий Греков чокуларды багынтуу тууралуу
Ысык-Көлдө жол кырсыгында 27 жаштагы айдоочу каза болду
13.11.2025 | 13:57
Жети-Өгүз районунун Балтабай айылында коркунучтуу жол кырсыгы катталып, 27 жаштагы айдоочу каза болду. BMW X5 жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаалардын лобовой кагылышуусу Балыкчы—Боконбаево—Каракол автоунаа жолунда орун алды.
Ысык-Көл ОУБДДнин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 11-ноябрда BMW унаасы алдыдагы унааны озуп өтүүгө аракет кылып, жеңил автоунаа менен кагылышкан. Натыйжада Mercedes-Benz унаасынын 27 жаштагы айдоочусу окуя болгон жерде каза тапкан. Жыйналган материалдар тергөө органдарына өткөрүлүп берилди — бардык зарыл экспертизалар дайындалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар