Касымалиевдин Астанага сапары: көңүл борборунда экономика жана өнөктөштүк
Казакстанга болгон иш сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз–казак өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынына катышат. Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүн, соода-экономикалык байланыштарды жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашат.
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Казакстандын борбору Астана шаарына жумушчу сапар менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз делегациясынын учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конгон. Ал жерден Касымалиевди Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алган. Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол ротасы тизилген.
Сапардын максаты — Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо жана экономиканын негизги тармактарында өз ара кызматташууну кеңейтүү.

