БШК Күрмөнтүдөгү маданият үйүнө илинген талапкердин баннери боюнча комментарий берди

13.11.2025 | 17:06

БШК Күрмөнтү айылындагы маданият үйүнүн имаратына илинген талапкердин үгүт баннери боюнча Reporter.kgге комментарий берди.

Маалыматка ылайык, үгүт материалдарын мыйзам боюнча үгүт жүргүзүүгө тыюу салынбаган объекттерге гана, талапкердин шайлоо фондунун эсебинен жана келишимдин негизинде жайгаштырууга болот.

Үгүт эрежелеринин бузулушуна байланыштуу бардык даттанууларды БШКнын үгүт маселелери боюнча жумушчу тобу карайт жана ар бир факты боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат.

Ошондой эле БШК үгүт ишин жана үгүт материалдарын чиркөөлөрдүн, мечиттердин жана башка ибадатканалардын, мектептердин, бала бакчалардын, оорукана жана түрмөлөрдүн, ошондой эле өнөр жай ишканаларынын жанында жүргүзүүгө болбой турганын эске салды.

Эске салсак, Reporter.kgге окурман жиберген видеодо талапкер Акылбек Түмөнбаевдин үгүт баннери маданият үйүнүн аймагына, ал эми башка талапкерлердин материалдары анын сыртына, тосмого илингенин көрүүгө болот.

Scroll to Top