Шевченко менен Чжан 16-ноябрда Нью-Йоркто титул үчүн таймашышат

14.11.2025 | 10:59

15-ноябрдан 16-ноябрга караган түнү Нью-Йорк шаарындагы «Мэдисон-сквер-гарден» аренасында жылдын эң күтүлгөн окуясы – аялдар арасындагы беттештеринин бири өтөт. UFCнин эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко кытайлык Вэйли Чжанга каршы титулун коргойт. UFC 322нин титулдук кармашы болжол менен 16-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 10:30да башталат.

Бул беттешке катышып жаткан 37 жаштагы Шевченко 25 жеңиш, 1 тең чыгуу жана 4 жеңилүүгө ээ. Ал эми анын атаандашы, минималдуу салмактагы мурунку чемпион, 36 жаштагы Чжан 26 жеңиш жана 3 жеңилүүгө ээ.

Шевченко үчүн бул кармаш Алексa Грассо менен болгон оор таймаштардан жана Манон Фьорого каршы ишенимдүү жеңиштен кийин, чемпион деген статусун дагы бир жолу тастыктоого чоң мүмкүнчүлүк. «Пуля» так дистанцияны сактаган чабуулдары, оор басырымдуулугу жана клинчтеги күрөшү менен белгилүү.

Ал эми Вэйли Чжан күчкө жана агрессияга таянат. «Магнум» деген лакап ат менен белгилүү мушкер катуу соккулары жана тынымсыз басым жасагандыгы менен айырмаланып, кайсы гана чемпион болбосун коркунуч жарата алат.

Көпчүлүк аналитиктер Валентина Шевченкону фаворит деп эсептешет, анткени анын техникасы ар тараптуу жана дистанцияны мыкты көзөмөлдөйт. Бирок Чжандын күчтүү оң соккусу кармаштын тагдырын каалаган учурда өзгөртүп коюшу мүмкүн.

Scroll to Top