«Росатом» жана Кыргызстандын ӨКМи «Кристалл» заводундагы кооптуу калдыктарды жок кылууга киришет

15.04.2026 | 12:24

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жана «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда аймактын экологиялык көйгөйлөрүнүн бири — «Кристалл» заводун реабилитациялоого арналган жумушчу кеңешме болуп өттү. Жолугушуунун башкы жыйынтыгы ишкананын өнөр жай аянтында топтолгон кооптуу химиялык заттарды зыянсыздандыруу боюнча деталдуу планды макулдашуу болду.

1989-жылы советтик электрондук өнөр жайдын муктаждыктары үчүн курулган «Кристалл» заводу 2010-жылдан бери банкрот абалында турат. Бирок анын «мурасы» дагы деле олуттуу коркунуч жаратууда. 2024-жылдын октябрында «Росатомдун» эксперттери жүргүзгөн техникалык аудит болжол менен 155 тонна өтө уулуу өндүрүш калдыктары — трихлорсилан жана кремнийдин тетрахлориди сакталган 49 резервуардын кескин эскиргенин аныктаган. Жабдуулардын узак убакыт бою токтоп турушу алардын табигый эскиришине алып келип, герметикалуулуктун бузулуу тобокелдигин жаратууда. Аба менен тийгенде бул заттар калкка жана экосистемага кооптуу уулуу бирикмелерди пайда кылат.

Кеңешменин жүрүшүндө тараптар «Росатомдун» татаал өнөр жай объекттерин жоюу боюнча компетенцияларына негизделген технологиялык чечимдерди талкуулашты. Сунушталган ыкмалар буга чейин КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топтун колдоосуна ээ болгон.

Иштерди жүргүзүүдөгү коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулган. Биринчи этап технологиялык сыйымдуулуктарды туруктуу абалга келтирүүнү карайт. Тобокелдиктерди жокко чыгаруу үчүн иштер жалаң гана жылдын суук мезгилинде жүргүзүлөт. Резервуарлар ачылгандан кийин газ аралашмасы аба кирбегендей шартта чыгарылат, ал эми сыйымдуулуктардын өздөрү атайын «азоттук жаздык» менен жабылат. Мындай ыкма атмосферага ар кандай бөлүнүп чыгуулардын алдын алат. Мындан тышкары, долбоорго «Росатом» үчүн салттуу болгон эшелондоштуруу принциби киргизилген: аварияга каршы коргонуунун кош контуру түзүлүп, көз карандысыз экологиялык көзөмөл камсыздалат.

Долбоордун маанилүүлүгү тууралуу комментарий берип жатып, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Кристалл» заводундагы кырдаал экологиялык көз караштан алганда татаал бойдон калууда жана комплекстүү чечимдерди талап кылат. Биздин биринчи кезектеги милдетибиз — Таш-Көмүр шаарынын тургундарынын ден соолугу үчүн потенциалдуу тобокелдиктерди жоюу жана бул аймактагы өзгөчө кырдаал режимин алып салуу. Бул милдетти чечүү үчүн «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын эксперттик дарамети тартылды. Бул кызматташтыктын алкагында технологиялык стратегия аныкталды, ал белгиленген мөөнөттөрдө коркунучтарды зыянсыздандырууга жана аянтчаны коопсуз абалга келтирүүгө мүмкүндүк берет. Аймактын экологиялык коопсуздугун камсыздоо — биздин негизги милдетибиз».

Технологиялык стратегия сегиз түрдүү методиканы кылдат талдап чыккандан кийин тандалып алынган. Жыйынтыгында адистер заттарды түздөн-түз жеринде зыянсыздандыруу боюнча артыкчылыктуу чечимге токтолушту — бул ыкма заводдо мурда колдонулган ыкмаларга окшош.

«Росатом» мамлекеттик корпорациясынын экология тармагындагы мамлекеттик жана тармактык программаларды ишке ашыруу боюнча багытынын директору Андрей Лебедев тандалган жолдун ишенимдүүлүгүн баса белгиледи:


«Таш-Көмүрдөгү милдетти чечүү үчүн «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын ишканасы болгон «ФЭО» ФМИБинин эксперттери эң натыйжалуу жана коопсуз чечимди тандап алуу менен, зыянсыздандыруунун 8 түрдүү технологиясын иштеп чыгышты. Татаал экологиялык мурастарды жоюудагы «Росатомдун» жогорку компетенциялары бизге жүргүзүлүп жаткан иштердин ишенимдүүлүгүн кепилдөөгө мүмкүндүк берет. Биз аварияга каршы коргонуунун кош контурун куруп, ар бир этапта көз карандысыз мониторингди камсыздайбыз. Текшерилген технологиялык регламенттерди колдонуу бизге эң кыска мөөнөттө аянтчаны коопсуз абалга келтирүүгө жана айлана-чөйрө үчүн тобокелдиктерди толугу менен жокко чыгарууга мүмкүндүк берерине ишенем».

Графикке ылайык, 2026-жылдын аягына чейин агып кетүү жана көзөмөлсүз бөлүнүп чыгуу тобокелдиктери толугу менен жокко чыгарылат. 2027-жылы «Росатом» долбоордун экинчи этабына «жиксиз» (бесшовный) өтүүнү камсыздайт. Учурда технологиялык регламент Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кароосунда турат.

«Кристаллдагы» иштерден тышкары, тараптар КМШ кызматташтыгынын алкагында кыйла масштабдуу пландарды да талкуулап жатышат. Сөз Кыргызстанда 1–3-класстагы кооптуу калдыктарды (анын ичинде жараксыз пестициддерди) убактылуу көмүү үчүн эң жогорку эл аралык экологиялык стандарттарга жооп бере турган адистештирилген полигонду түзүү жөнүндө болууда. Бул өнөр жай калдыктарын башкаруунун улуттук системасын калыптандырууда жана бүткүл аймактын экологиялык бакубаттуулугун камсыздоодо маанилүү кадам болуп калмакчы.

Теги: росатом
Scroll to Top