Вашингтондо Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоордук макулдашууга кол коюлду

Вашингтон шаарында Кыргызстандын энергетика тармагын модернизациялоого жана Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык рынокко интеграциялоого багытталган долбоорго старт берилди. Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун кеңешмелеринин алкагында Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда REMIT долбоордук макулдашуусуна кол коюлду. Бул тууралуу Энергети министрлиги билдирди.
REMIT программасынын максаты — Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосунда электр энергиясынын рыногун түзүү. Анын алкагында электр энергиясын соодалоо механизмдери, системаларды санариптештирүү жана энергия агымдарын башкаруу каралган.
Программанын биринчи этабында Кыргызстанга 40 млн АКШ доллары бөлүнөт. Бул каражат энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталат. Долбоор Жалал-Абад облусундагы 50 жылдан ашык убакыттан бери иштеп жаткан 220 кВ «Торобаев» жана 220 кВ «Кристалл» подстанцияларын жаңылоону, ошондой эле 220 кВ «Кристалл — Юлдуз» электр берүү линиясын Өзбекстандын чек арасына чейин курууну камтыйт.
Программанын алкагында төмөнкү иш-чаралар ишке ашырылат:
- техникалык-экономикалык негиздемелерди даярдоо;
- инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- тендердик документтерди иштеп чыгуу;
- экологиялык жана социалдык таасирлерди баалоо;
- долбоорду башкаруу жана консультативдик кызматтарды каржылоо.
Долбоордун кийинки этаптарында 500 кВ магистралдык электр тармактарын куруу пландаштырылууда. Бул чаралар электр энергиясын транзиттөө жана экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого багытталган.