Кыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайт

17.11.2025 | 16:49

Кыргыз Премьер-Лигасына Талас шаарынан «Азия» клубу расмий кошулду. Бул клубду түзүү демилгесин ишкер Өмүрбек Бабанов колдогон. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөнүн башкы чемпионатында 14 клуб катышкан. Эми келерки өлкө биринчилигине ойной турган клубдардын саны 16га жетти.

КФБ учурда Талас шаарынын борбордук стадионунда курулуш иштери жүрүп жатканын, ал келечекте «Азия» футбол клубунун үй аренасы болуп каларын билдирди.

Мындан тышкары бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Кыргызстандын Премьер-Лигасына катышкан клубдардын жетекчилиги менен жолугушуу өткөргөн. Ага Кыргыз футбол биримдигинин, Кыргыз Профессионалдык футбол лигасынын (КПФЛ) жетекчилиги жана клубдардын жетекчилери катышкан.

Жыйын жүрүшүндө КПФЛдин 2025-жылкы сезон боюнча отчёту, КФБнын футбол инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча отчёту угулган.

Андан сырткары, жыйын учурунда чемпионаттардын аталыштарын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынган. Ага ылайык, «Премьер-Лига» «Жогорку Лигага», ал эмм «Улуттук Лига» – «Биринчи Лигага» өзгөртүлгөн. Жаңы сезондон тарта Биринчи Лиганын жеңүүчүсү Жогорку Лигага түз жолдомо алса, анда акыркы, 16-орунду ээлеген, команда Биринчи Лигага түшөт.

Scroll to Top