«KAV & KEV» компаниясынын директору Алексей Клевцовдун кармалганына УКМК комментарий берди
УКМКнын басма сөз борбору «KAV & KEV» компаниясынын ээси Алексей Клевцовдун кармалышы боюнча маалымат берди.
Эске салсак, кечээ, 17-ноябрда, компаниянын офисинде тинтүүлөр жүргүзүлүп, андан кийин Клевцов УКМКга суракка жеткирилген.
«Козголгон кылмыш ишинин алкагында КХ “КАВиКЕВ” жетекчиси, жаран К.А.В. тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Ал адам тиешелүү уруксат кагаздарысыз, медициналык жана миграциялык документтери жок чет өлкөлүк жарандарды ишке тарткан. Алар антисанитардык шартта калк үчүн азык-түлүк продукциясын даярдоо менен алектенишкен. Мындан тышкары, даярдоо датасына дал келбеген белгилерди чаптоо фактылары да аныкталды», — деп айтылат маалыматта.
Клевцовго Кылмыш-жаза кодексинин «Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу», «Документтерди жасалмалоо» жана «Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу» беренелери боюнча айып тагылды. Ишкер УКМКнын СИЗОсунa караштуу ИВСке киргизилди. Териштирүү уланууда.




