Кыргызстанда балдар мекемелеринин жанында кооптуу товарларды саткандарга 65 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталуудаКыргызстанда исламдык автокамсыздандырууну кадимки ОСАГОго теңөө сунушталуудаСоттук-медициналык экспертиза борборунун директору тил маселеси боюнча кырдаалга комментарий бердиБивол карьерасын 40 жашка чейин аяктагысы келерин билдирдиГареев атындагы Ботаникалык бактын администрациясына таштандыларды топтогону үчүн айып пул салындыКыргызстан Минск шаарында өткөн антитеррордук форумга жана машыгууларга катышты
«KAV & KEV» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүрүп, Клевцовду суракка алып кетишти
17.11.2025 | 11:23
«KAV & KEV» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, ишкананын директору Алексей Клевцовду суракка алып кетишти. Бул тууралуу Reporter.kgге күч түзүмдөрүндөгү булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, күч түзүмдөрү компаниянын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, айрым документтер алынган. Андан соң директор Алексей Клевцов суракка чакырылган.
«Клевцов» жеке ишканасы 1997-жылдын 25-декабрында негизделип, сэндвичтерди, сырларды, печенье, кетчуп жана башка тамак-аш азыктарын өндүрүү жана сатуу менен алектенет. Товардык белги сүрөттүк жана сөз түрүндөгү «Kav & Kev» элементтеринин айкалышынан турат — бул компанияны негиздеген Клевцов эки бир туугандын инициалы: Алексей Викторович жана Евгений Викторович.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар