Соцтармактарда массалык башаламандыктарга чакырган шектүү кармалды

19.11.2025 | 10:52

УКМК социалдык тармактарда провокациялык билдирүүлөрдү таратып, массалык баш аламандыктарга чакырган деп шектелген 46 жаштагы жаранды кармаганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматында, ал Instagram жана Threads тармактарындагы predator4407 аттуу популярдуу аккаунттардын администратору болгон.

Тергөөдө аныкталгандай, бул адам чет өлкөдөгү деструктивдүү топтордун лидерлери менен байланышка чыгып, алардын көрсөтмөсү менен бийликти күч менен басып алууга чакырган материалдарды жарыялаган. Мындан тышкары, мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери жөнүндө жашыруун маалыматтарды чогултуп жүргөн.

Ошондой эле УКМКнын маалыматы боюнча, шектүү Instagram жана Facebook тармактарында 20дан ашык фейк аккаунттарды түзүп, жаңылыктардын алдында провокациялык комментарийлерди калтырып, коомдук пикирди жасалма түрдө бурмалоого жана мамлекеттин саясатына карата нааразычылыкты күчөтүүгө аракет кылган.

Бул факты боюнча массалык баш аламандыктар жана бийликтин күч менен басып алууга ачык чакырыктар боюнча кылмыш иштери козголду.

Шектүү УКМКнын СИЗОсуна камалды, тергөө деструктивдүү топтордун башка мүчөлөрүн аныктоо иштерин улантууда.

УКМК анонимдүү аккаунттар аркылуу жалган жана провокациялык маалымат таратуу, өзгөчө баш аламандыкка чакырган жана кастыкты козуткан билдирүүлөр кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти.

Scroll to Top