Сандар кооптондурат: Кыргызстанда гипертония жана диабетти дарылоонун сапаты бааланды
Кыргызстанда гипертония жана диабет менен ооругандарды дарылоонун сапатына кеңири баа берилди. Изилдөөнүн жыйынтыктары 18-ноябрда Бишкекте өткөн гипертония жана диабетти алдын алуу, эрте аныктоо жана көзөмөлдөө боюнча өткөн тегерек столдо жана стратегиялык жыйында айтылды.
Изилдөөнү Швейцариянын жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу долбоорунун колдоосу менен Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги, М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору жана И. Ахунбаев атындагы КММА уюштурган. Ага гипертониясы бар 1 миң 996 жана 2-типтеги диабети бар 1 миң 101 бейтап катышкан, ошондой эле алардын амбулатордук карталары анализденген.
Жыйынтыктар дарыланууга берилгендик боюнча олуттуу көйгөйлөр бар экенин көрсөткөн:
- кант диабети менен ооругандардын болгону 43%, гипертониясы барлардын болсо 38% гана дары-дармектерди үзгүлтүксүз ичишет;
- көпчүлүк дарыгерге убагында барбайт, текшерүүлөрдү өткөрүп жиберет, дарылоо схемасын өз алдынча өзгөртөт.
Оорулары тууралуу маалымдуулук да төмөн бойдон калууда.
Диабети барлардын арасында:
- 76% гана кандагы канттын деңгээлин билет,
- болгону 23% гликирленген гемоглобин деген эмне экенин түшүнөт;
- 79%да бул көрсөткүч нормадан жогору, бул оорунун көзөмөлү начар экенин билдирет.
Гипертониясы бар бейтаптардын арасында:
- 77% кан басымын өлчөйт,
- бирок алардын 44%ында басым жогору бойдон калууда;
- 90%дан ашыгы өзүнүн холестерин деңгээлин билбейт, бул жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун күчөтөт.
Жыйында 2026–2030-жылдарга арналган артериялык гипертензиянын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча жаңы программа тааныштырылды. Анын максаты — өлкөнүн бардык региондорунда басымды эрте аныктоону жана көзөмөлдөөнү жакшыраак жолго коюу. Катышуучулар «Басымыңды текшер – жүрөгүңдү сакта» улуттук демилгесин колдошту.
Улуттук кардиология борбору жана Швейцария долбоору мындан ары да биринчи баскычтагы медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга жана калктын өнөкөт ооруларды үзгүлтүксүз көзөмөлдөөгө болгон маалымдуулугун арттырууга көмөктөшө берет.