Кыргызстан «чоң секириктин» алдында: рекорддук ИДП өсүшүнөн тартып аймактык хабга айланууга чейин

Кыргызстан акыркы үч жылда экономикасынын рекорддук өсүшүн көрсөтүп, жыл сайын орточо 9%дык темпти сактап келе жатат. Мындай динамика өлкөнү Евразиянын жүрөгүндөгү маанилүү соода, логистика жана энергетикалык хабга айлантуу багытындагы «чоң секирикке» негиз түзүүдө. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтыгынын (БАЭК) бизнес-форумунда билдирди.
Ал 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын тааныштырып, акыркы жылдардагы көрсөткүчтөр келечектеги максаттарга жол ачканын белгиледи.
Үч жылдык рекорддор: келечектеги өсүштүн пайдубалы
Бакыт Сыдыковдун айтымында, соңку көрсөткүчтөр инвестицияларды тартуу жана ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жүргүзүлгөн натыйжалуу саясаттын жемиши болуп саналат.
Негизги экономикалык жетишкендиктер:
- ИДПнын рекорддук өсүшү: 2020-жылы 1,2 трлн сом болгон ИДП 2024-жылы 1,5 трлн сомго жетти, орточо жылдык өсүш 9%ды түздү.
- Бул убакыт аралыгында экономикага 23 млрд долларга жакын инвестиция тартылган, анын ичинде 3,7 млрд доллар түз чет өлкөлүк инвестициялар.
- Өнөр жай орточо 7%га өстү, негизги драйверлер катары текстиль, фармацевтика, курулуш материалдары жана энергетика белгиленди. Курулуш тармагы үч жылдан бери 16%дан жогорку темпти сактап келет. Энергетикада кыска убакыт ичинде 13 жаңы ГЭС ишке кирди, быйыл дагы 17ни ишке киргизүү пландалууда. Токтогул ГЭСинин модернизациясы кошумча 240 МВт кубат берди.
“Акыркы 30 жылда биздин өлкөнүн энергетикасы мындай көрсөткүчкө жеткен эмес”,- деп белгиледи министр.
2030-жылга чейинки максаттар: экономиканы эки эсеге жогорулатуу жана «жашыл» багыт
2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы өлкө алдына амбициялуу милдеттерди коюуда.
Экономикалык максаттар:
- ИДПны жыл сайын кеминде 8%га жогорулатуу;
- Экономиканын көлөмүн 30 млрд долларга жеткирүү;
- ИДПны жан башына 4,5 миң долларга жеткирүү;
- Жумушсуздукту 5%га чейин кыскартуу.
Өнүгүүнүн негизги багыттары катары индустриализация, айыл чарба жана туризм, жашыл энергетика жана Кыргызстанды региондук хабга айландыруу аныкталган.
«Президентибиздин көз карашы — Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган баалуулук чынжырынын ишенимдүү стратегиялык көпүрөсүнө айлануу. Географиялык жайгашуубуз — биз пайдаланууну көздөп жаткан башкы артыкчылыгыбыз», — деди Бакыт Садыков.
Кургакта камалган өлкөдөн континенттерди байланыштырган өлкөгө чейин
Министр транспорттук жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү өзгөчө белгиледи.
Акыркы төрт жылда Бишкек жана Ош аэропортторундагы жүк хабдарынын жүктөлүшү 12 эсеге өстү, жалпы жүк ташуулар 26 млн тоннанын ордуна 44 млн тоннага жетти.
Негизги долбоорлор:
- Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу: наркы 4,7 миллиард долларды түзгөн бул долбоор трансазиялык магистралдын негизги бөлүгү болот.
- БАЭК коридорлорун өнүктүрүү: алты коридордун төртү Кыргызстан аркылуу өтүп, өлкөнү Орусия, Кытай, Пакистан, Иран жана Европа менен байланыштырууда.
- Логистикалык борборлорду түзүү: учурда 34 логистикалык борбор иштеп жатат, Чүй облусунда чоң көп тармактуу хабдын курулушу жүрүүдө.
«Кургакта камалган өлкөдөн (land-locked country) континенттерди туташтырган өлкөгө (land-linked country) айлануу стратегиясын координациялоо менен республика транспорттук инфраструктураны активдүү өнүктүрүүдө», — деди министр.
Жашыл энергетика абсолюттук артыкчылык катары белгиленди. Максат — генерациядагы жаңылануучу булактардын үлүшүн 92%га жеткирүү.
«Бул тармакка салынган инвестициялар — Кыргызстан үчүн туруктуу, экологиялык жана энергетикалык жактан көзкарандысыз келечекке салым», — деди Садыков.
Коркунучтарды азайтуу жана сооданы жандандыруу үчүн ал ЦАРЭСтин Аймактык эл аралык кепилдик фондун түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, ЦАРЭС өлкөлөрүнүн бири-бири менен соода кылуудагы пайдаланылбай жаткан потенциалы 33 миллиард долларды түзөт.
Сөзүнүн жыйынтыгында Бакыт Садыков Кыргызстан жаңы өнүгүү этабынын босогосунда турганын жана транспорттук инфраструктурадан тартып жашыл энергетикага чейинки ири долбоорлорго катышууга даяр инвесторлор үчүн ачык экенин белгиледи.