Энергетика министри: Кыргызстан 2028–2029-жылдары импорттон толук баш тартат

19.11.2025 | 13:50

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Facebook баракчасында Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы күтүлбөй турганын, бирок жарандар ресурсту үнөмдүү пайдаланууга тийиш экенин билдирди.

Анын айтымында, кышкысын өлкө салттуу түрдө кошуна мамлекеттерден электр энергиясын 3 сомдон импорттойт, ал эми калк аны 1 сом 37 тыйын тариф менен алат. Баадагы ушул айырма «Кыргызстан улуттук электр тармактарынын» карызынын көбөйүшүнө алып келет.

Президент импортту мүмкүн болушунча кыскартууну, үнөмдөө чараларын күчөтүүнү жана келерки жылы калган 25 млрд сом карызды толук жабууну тапшырган. Министрликтин эсебинде, КУЭТ келерки жылы эле пайда менен иштей баштайт.

Ибраев кошумчалагандай, өкмөттүн планында 2028–2029-жылдардагы кышкы сезонго карата Кыргызстан электр энергиясын импорттоого болгон муктаждыктан толук арылат.

Scroll to Top