Массалык башаламандыкка чакырык. Сот кармалган саясатчыларга бөгөт чарасын тандады23-ноябрь: Жаан-чачын күтүлбөйтКурал, бангизат, $150 миң. ИИМ кармалган саясатчылар жана даярдалып жаткан төңкөрүш тууралууМассалык башаламандыктарга чакырыктар — сурактан кийин камалгандардын жана үйүнө кеткендердин тизмесиАдахан Мадумаровду уул-келини менен кошо суракка алып кетиштиЖурналист Ложниковдун мурдагы жубайы УКМКга чакырылды
«Кумтөр» бюджетке 16 млрд сомдон ашык каражат которду
19.11.2025 | 14:19
2025-жылдын 10 айында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын түшкөн кирешеси 80 млрд сомду түздү, бул пландалган 55,1 млрд сомдон бир топ жогору. Бул тууралуу аталган ишкана билдирди.
Ишкананын таза пайдасы 36,9 млрд сомго жетип, пландагы 13,37 млрд сомдон дээрлик үч эсеге ашты.
Компания бюджетке 16,27 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү которуп, пландалган 14,04 млрд сомдук көрсөткүчтөн да ашыкча аткарган.
Мындан тышкары, «Кумтөр» 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча дивиденддерди төлөө үчүн 13,049 млрд сом бөлүп, бул да пландалган 12,9 млрд сомдон жогору болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика