Салык кызматынын төрагасы: Реформанын 2-этабында салык инспекторунун ордуна жасалма интеллект модулу киргизилет

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салык системасын реформалоо экинчи этабы качан башталарын жана анда эмне өзгөртүлөрү тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, учурда салыктык реформанын биринчи этабы дээрлик аяктап калды. Анын жыйынтыгында көптөгөн товарлар үчүн ЭТТК жоюлуп, кассалык аппараттарды милдеттүү пайдалануу жокко чыгарылган. Ошондой эле процесстерди санариптештирүү тездетилип, жалпысынан салыктык башкаруу жөнөкөйлөтүлгөн.
Эми реформанын экинчи этабы жаңы жылдык майрамдардан кийин башталат.
Анын негизги элементи катары KEZET жаңы электрондук эсепке алуу модулун киргизүү болот. Анда салык инспекторун жасалма интеллект модулу алмаштырат. Адам фактору толугу менен жокко чыгарылат. KEZETтин жардамы менен ар бир товардын жүгүртүлүшүн – өндүрүштөн же импорттон тартып кассадан чек чыкканга чейин байкоого болот.
“KEZET мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатында мыктылардын бири катары таанылган эстониялык чечимдердин негизинде түзүлгөн. KEZET инспектордун ишиндеги субъективдүүлүктү четтетүүгө, отчеттогу айырмачылыктарды автоматтык түрдө аныктоого, текшерүүлөрдүн санын болушунча азайтууга жана коррупциялык тобокелдиктерди толугу менен жоюуга мүмкүндүк берет”,- деп билдирди Шыкмаматов.
Ал билдиргендей, KEZETти тесттик ишке киргизүү 2026-жылдын январь айына пландаштырылган. Адаптациялоо, окутуу жана процесстерди жөнгө салуу жарым жылга созулат.
“Май айында инспекторлордун штаты кыскартыла баштайт, анткени контролдук функциялар тутумга өтөт. Биринчи этапта 500 кызматкер, жарым жылдан кийин дагы 500 кызматкер кыскартылат. Азыр бизде 3 400 салык кызматкери бар, бир жылдан кийин миңге азайтылмакчы”,- деп билдирди төрага.