«Жер калган жок»! Бишкекте имарат дубалдарын жашылдандыруу ыкмасы сынактан өтүүдө

19.11.2025 | 17:15

Бишкек акыркы жылдары тыгыз курулуш жана дарактардын кыркылышынын айынан жашыл мейкиндиктерин жоготуп барат. Шаарга кайрадан өсүмдүктөрдү кайтаруу максатында «Move Green» коомдук бирикмеси вертикалдуу жашылдандыруу ыкмасын сунуштап жатат. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Азат Мурадил reporter.kg кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, кадимки көчөт тигүүгө ылайыктуу бош аянттар дээрлик калган жок. Ошондуктан активисттер имараттардын жанына бадалдарды жана көчөттөрдү тигип, алар убакыттын өтүшү менен дубалдарга жапышып өйдөлөп өсөт. Пилоттук долбоордо фасадга зыян келтирбеген жана шаардык климатка ыңгайлашкан Вичи сортундагы жүзүм менен дайыма жашыл плющ колдонулууда.

Демилгени мэрия колдоого алганына карабастан, шаар тургундары азырынча этият мамиле кылууда: көпчүлүк дубалдар бузулат же курт-кумурскалар менен сойлоп жүрүүчү жаныбарлар пайда болот деп чочулашат. Азат Мурадил бул өсүмдүктөр коопсуз экенин, эң көбү — кадимки тля сыяктуу зыянсыз курттар гана пайда болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Активисттердин айтуусунда, вертикалдуу жашылдандыруу имараттардын сырткы көрүнүшүн жакшыртып гана тим болбостон, Бишкектен акырындап жоголуп бараткан айрым куш түрлөрүн кайтарып, шаардык биоартүрдүүлүктү калыбына келтирүүгө да жардам бере алат.

Scroll to Top