Индияда айыкпас вирустун чыгышынан улам жүздөгөн адамдар карантинге алындыТаласта медициналык жана коргонуу муктаждыктары үчүн төө буурчактан протеин өндүрүү технологиясы иштелип чыкты26-январга карата аба ырайыДастан Бекешев Кыргызстандагы эң курч көйгөйлөрдү айтып бердиКыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн спорттук реалити-шоу ишке киргизилүүдөБалет артисттери жана бий жамааттары өзгөчө эмгек шарттары үчүн пенсия алуу укугуна ээ болушту
Ислам шериктештиги оюндары: Бүгүн килемге Медет кызы менен Жуманазарова чыгат
20.11.2025 | 10:31

Бүгүн, 20-ноябрда, Сауд Арабиясында өтүп жаткан VI Ислам шериктештиги оюндарында эркин күрөш боюнча төрт кыргызстандык балбан килемге чыгат.
68 кг чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова бангладештик атаандашы Халима Актер менен чыгат. Ошондой эле 76 кг чейинки салмакта Айпери Медет кызы Казакстандан келген атаандашы Элмира Сыздыкова менен таймашат.
Ал эми эркектер арасында 65 кг чейинки салмакта Билол Шарип уулу палестиналык Абдуллах Ассаф менен күрөшөт. Мындан тышкары килемге 57 кг чейинки Абдумалик Карачов чыгат.
Кармаштар Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт