Кыргызстанда өлүм жазасын кайтаруу боюнча коомдук талкуу аяктады
Конституцияга өлүм жазасын кайтарууну сунуштаган мыйзам долбоор боюнча коомдук талкуу расмий түрдө аяктады. Эми мындан аркы чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана өлкө жетекчилигинин колунда.
Долбоор жарыяланган баракча 1 миң 882 жолу көрүлгөн, бул көрсөткүч – уникалдуу колдонуучулар эмес, жалпы көрүүлөрдүн саны.
Добуш берүүгө катышкандардын жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
- 138 — өлүм жазасын кайтарууну колдогондор,
- 49 — каршы чыккандар.
Долбоордун алдында 39 комментарий калтырылган, аталган талкуу коомчулукта чоң реакция жаратты.
Коомдук талкуу бүткөндөн кийин документ парламенттин кароосуна жиберилет.
Эске салсак, мыйзам долбоор 2025-жылдын 14-октябрында коомдук талкууга коблган. Анын даярдалышына резонанстуу кылмыш себеп болду: сентябрдын аягында 17 жаштагы кыз уурдалып, зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул трагедия коомчулукта катуу нааразылык жараткан жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү талабын пайда кылган.
Мыйзам долбоор президенттин тапшырмасы менен иштелип чыккан.