Ошто аял жол тандабас унаасы менен жарандардын кыймылын чектеген блокпостон өтүүгө аракет кылып, ал жакты тосуп турган кызматкерлерге кыйкырып, үстөмдүк кылган видео социалдык тармактарда тарап жатат.
Видеодо аял жаман сөздөр менен милиция кызматкерлерин сөгүп, күйөөсү УКМКда иштей турганын айтып, посттон өткөрүүнү талап кылганын көрүүгө болот.