Кабмин ата-энелерди бала бакчанын чыгымдарынын бир бөлүгүн төлөөгө милдеттендирди

21.11.2025 | 11:06

Министрлер кабинети бала бакчаларды нормативдик каржылоого өткөрүү тууралуу токтомду бекитти. Документтин негизги жоболорунун бири — балага кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн, анын ичинде канцтоварлар жана гигиеналык каражаттарды, эми кайрадан ата-энелер төлөйт. Бул каражаттар бала бакчалардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атайын эсептерине топтолот.

Ошол эле учурда бир балага же топко эсептелген типтүү чыгым ченемдер өкмөт бекиткен эсептөөлөрдүн негизинде түзүлөт. Аларга төмөнкүлөр кирбейт:

  • эмгек акы фонду — белгиленген нормативдер боюнча бюджеттен каржыланат;
  • коммуналдык кызматтар – жергиликтүү же республикалык бюджеттен каржыланат.
  • баланы багуудагы чыгымдар (канцелярия, гигиеналык каражаттар жана башка зарыл материалдар) — ата-энелер тарабынан каржыланат.

Бала бакчаларды каржылоо республикалык жана жергиликтуу бюджеттерден, ошондой эле ата-энелердин төлөмдөрүнөн турат.

Бул токтом адистештирилген мектепке чейинки уюмдарга, Бишкектеги жана Баткен облусундагы бала бакчаларга, ошондой эле Коргоо министрлиги, ИИМ, УКМК жана башка мекемелерге караштуу мекемелерге жайылтылбайт.

Билим берүү министрлигине өзүнүн нормативдик актыларын документке ылайык келтирүү тапшырылды.

Токтом 7 күндөн кийин күчүнө кирет.

Scroll to Top