Кыргызстанда исламдык автокамсыздандырууну кадимки ОСАГОго теңөө сунушталуудаСоттук-медициналык экспертиза борборунун директору тил маселеси боюнча кырдаалга комментарий бердиБивол карьерасын 40 жашка чейин аяктагысы келерин билдирдиГареев атындагы Ботаникалык бактын администрациясына таштандыларды топтогону үчүн айып пул салындыКыргызстан Минск шаарында өткөн антитеррордук форумга жана машыгууларга катыштыЧүй облусунун 100 жылдыгына карата Кант шаарынын мэриясы майрамдык видеоролик тартуулады
Мушкер Мунарбек Сеитбек уулу Индиядагы Дүйнө кубогунда күмүш медаль жеңди
21.11.2025 | 11:10
Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сеитбек уулу Индияда өткөн бокс боюнча Дүйнө кубогунун этабында күмүш медаль жеңип алды. Ал 60 кг салмак категориясында таймашып, мелдешти чейрек финалдан баштаган.
Алгачкы беттешинде Польшадан келген атаандашын 5:0 эсеби менен ишенимдүү жеңди, ал эми жарым финалда сентябрда өткөн дүйнө чемпионатында утулуп калган англиялык спортчудан реванш алды.
Финалдык кармашта Сеитбек уулу Индиянын өкүлү менен беттешип, ага утулуп, күмүш медаль тагынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт