Таксилердин лицензиясын текшерүү эмдиги жылдын февралына чейин жылдырылды

Таксилердин лицензиясын текшерүү 2026-жылдын 1-февралына чейин жылдырылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.
Эске салсак, буга чейин 1-декабрдан тарта Кыргызстанда такси кызматтарынын лицензиялары текшериле баштаары айтылган.
Мындан улам такси кызматынын айдоочулары тарабынан ЖКККББдан лицензия алууда узакка созулган кезек жаралып, белгиленген мөөнөткө үлгүрбөй жаткандыгы тууралуу кайрылуулар келип түшкөн.
“Жогорудагы кайрылууларды эске алып, ЖКККББнны башчысы Азенбек Козукеев лицензия алып жаткан такси кызматындагы айдоочулар менен жеринде жолугушкан.
“Азенбек Козукеев узакка созулган кезекти эске алып, ишемби күндөрү да жумуш уланарын жана түшкү тыныгуу убактысын кыскартууну белгилеп, лицензияны текшерүү жана рейддик иш-чараларды өткөрүү менен айып салуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылгандыгын билдирди”,- деп айтылат маалыматта.
Ошону менен бирге жетекчи такси кызматында иштөөгө арналган программалык тиркеме аркылуу иштеп жаткан айдоочулардын иши 2026-жылдын 1-февралына чейин үзгүлтүккө учурабасын белгилеген.
Такси кызматына лицензияларды берүү өлкө аймагындагы ЖКККББнын бардык бөлүмдөрүндө улантылат.