Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алдыМамлекетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилген. Кочкордо айыл аймактын мурдагы башчысы кармалды
Атазов кармалды. Сыймык Жапыкеев менен Кадыр Атамбаев суракка алынып келинди
22.11.2025 | 15:06

Бүгүн, 22-ноябрда, мурдагы Каржы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев суракка алынып келинди. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булак Reporter.kg’ге кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жапыкеевди Тергөө кызматына Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылынан алып келишкен.
Суракка ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров алынып келинген.
Мындан тышкары укук коргоо органдары Шайлообек Атазовдун кармалганын маалымдады. Буга чейин Шайлообек Атазовдун үйүндө тинтүү жүрүп, аны суракка алып кетишкени белгилүү болгон.
Тинтүү иштери массалык башаламандыкка чакырган деп шектелип, «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун кармалышына байланыштуу экени айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар