Сардарбек Майрыков: “Акциздер өсүш гана эмес, дифференциация да болушу керек”.
Кыргызстан ар кандай категориядагы товарлардан келтирилген зыяндын чыныгы көлөмүн аныктоо үчүн өзүнүн илимий изилдөөлөрүн жүргүзүшү керек. Ушул маалыматтардын негизинде гана атайын жөнгө салуу шарттарын иштеп чыкса болот. Мындай пикирин “Опора” (Оптималдуу чечимдерди жана альтернативаларды илгерилетүү ассоциациясы) ассоциациясынын аткаруучу директору Сардарбек Майрыков Reporter.kgге билдирди.

Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов буга чейин тамеки, алкоголдук ичимдик жана канттуу суусундуктун баасы Кыргызстанда кымбатташы керек деп, жарыялаган. Анын сөзүнө караганда, өкмөт аткезчиликти көзөмөлдөө системасын бир кыйла бекемдеди жана азыр акциздик салыктарды көбөйтүүгө даяр.
Эксперттик коомчулуктун баамында, бааларды жогорулатуу балким өзүн акташы мүмкүн, бирок бул ыкма комплекстүү жана ар кандай категориядагы товарлардан келтирилген зыянды эске алуу менен болушу керек.
Эдил Байсалов эмне деп жарыялады?
Жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу боюнча жогорку деңгээлдеги баарлашууда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов зыяндуу продукциялардын баасын жогорулатуу зарылдыгын белгилеген.
«Кийинки бир же бир жарым жыл ичинде тамекинин бир кутусу 150 сомдон кем болбошу керек. Бул үчүн биздин таш-талканыбызды чыгарса да, мейли, жети миллион эли бар Кыргызстан кийин бизге рахмат айтат», – деген ал.
Аткаминер ошондой эле кантка да салык киргизилгендигин, диабет көбөйүп жаткан кезде бул инструмент келечекте активдүү колдонула тургандыгын эске салган. Анын сөзүнө караганда, акциздик салыктан келген кошумча кирешелер саламаттыкты сактоону чыңдоого жана ооруларды алдын алууга жумшалышы керек.
Эксперттик коомчулуктун реакциясы
Байсаловдун жарыясына карата «ОПОРА» ассоциациясынын аткаруучу директору Сардарбек Майрыков өз позициясын билдирди.
Анын сөзү боюнча, дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр зыяндуу продукциялардын акциздик ченин жөнгө салууну коомдук саламаттыкты сактоо саясатынын инструменти катары колдонушат, бирок азыркы шартта бул инструментти бир кыйла салмактуу түрдө ишке ашырууга болот.
Эксперт биздин өлкө эки тапшырмага кептелип жатканын белгиледи: бир жагынан, зыяндуу продукцияларды керектөөнү чектөө, экинчи жагынан, учурдагы жана келечектеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджетке тийиштүү кирешелердин киришин сактап калуу. Анын айтымында, толук тыюу салуу олуттуу фискалдык жоготууларга алып келиши мүмкүн, ал эми либералдык жөнгө салуу коомдук саламаттыкка терс таасирин тийгизиши ыктымаал.
Ошондой эле, каралып жаткан продукцияларды толугу менен жок кылуу мүмкүн эместигин эске алганда, эксперт зыяндуулугун азайтуу ыкмасы бүгүнкү күндө актуалдуу деп, белгиледи. Ал бир катар өлкөлөрдө салттуу тамеки менен түтүнсүз альтернативалардын ортосунда дифференциация киргизилгендигин мисал катары келтирди.
«Улуу Британия, Япония, Швеция жана Чехия — көптөгөн өлкөлөрдө изилдөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында адамдын ден соолугуна келтирилген зыяндын деңгээли боюнча айырмачылыктар көрсөтүлгөн. Бул маалыматтардын негизинде жөнгө салууда дагы, акциздик саясатта дагы дифференциациялоо ыкмасы колдонулууда», – деп эскертти Сардарбек Майрыков.
Бул кырдаалды эксперт ички күйүүчү кыймылдаткычы бар транспортко караганда, электромобилдер белгилүү бир артыкчылыктарга ээ болгондой автомобилдик тармакка окшоштурат. Ушул сыяктуу принципти коомдун саламаттыгына таасир этиши мүмкүн болгон продукцияларга да колдонсо болот.
Кыргызстан үчүн эмне сунушталат?
Кыргызстан тийиштүү чечимдерди кабыл алыш үчүн, ар кандай продукциянын категорияларынын зыяндуулугунун чыныгы деңгээлин аныктоочу өзүнүн илимий изилдөөлөрүн жүргүзүшү керек, деп эсептейт Сардарбек Майрыков. Бул маалыматтардын негизинде зыяндуулук деңгээли төмөн товарлар үчүн атайын жөнгө салуунун шарттарын иштеп чыкса болот.
«Бул бизге калктын саламаттыгы үчүн тобокелдиктерди азайтканга жана ошол эле кезде туруктуу бюджеттик кирешелерди камсыз кылган ийкемдүү жөнгө салуу системасын түзүүгө мүмкүндүк берет», – деп белгиледи ал.
Жыйынтыгында, эксперт идеалдуу сценарий боюнча коомдо зыяндуу адаттардан толугу менен баш тартуу ишке ашса, ал кубаттоого арзый тургандыгын билдирди. Бирок, алкоголдук ичимдикти, таттуу азыктарды, суусундуктарды, жана ошондой эле тамекинин түрлөрүн сатпай калган бир дагы өлкө жок.