Ереванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен барат17-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолу
Бишкекте эртең айрым уйлор, мектептер, бала бакчалар жана социалдык объектилер суусуз калат
24.11.2025 | 10:51
Бишкектин бир бөлүгү ичүүчү суусуз калат, деп билдирди «Бишкекводоканал» МИ.

Эртең, 25-ноябрда, саат 9:00дон 17:00го чейин ЧЧК, Баялинов көчөсү, Логвиненко көчөсү, Донской кыйшык жолу, Орозбеков көчөсү жана Жибек Жолу проспектиси чектеген аймактагы турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, меджайларда жана бир катар социалдык объектилерде суу болбойт.
Суунун өчүрүлүшүнө себеп — Логвиненко көчөсүндөгү диаметри 100 мм болгон суу түтүгүндөгү авариялык оңдоо иштери. «Бишкекводоканал» жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын алдын ала суу запасын даярдап алууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом