Бакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталуудаАзия чемпионаты: Эркин күрөш боюнча кыргызстандык төрт балбан коло медаль уттуСадыр Жапаров «Дордойдун» ээсин сынга алып, түштүктөгү базарларында реформа жарыяладыТрамп Ормуз кысыгын бөгөттөөгө буйрук берди – ИРСК жооп кайтарды
Бишкекте курулуп жаткан ири стадиондун аты өзгөртүлдү
02.12.2025 | 11:50

Борбор калаада курулуп жаткан ири стадион «Азаттык Арена» эмес, «Бишкек Арена» деп аталат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев өзүнүн соцтармагында билдирди.
Анын айтымында, өлкө башчы Садыр Жапаров калктын пикирин эске алып, жыйын өткөргөн. Анда стадиондун аталышы «Бишкек Арена» деп расмий түрдө өзгөртүлгөн.
Белгилей кетсек, буга чейин жаңы курулуп жаткан 51 миң орундуу стадион «Азаттык Арена» деп аталары айтылган. Стадион ФИФАнын эң жогорку стандарттарына ылайык курулуп, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Ири аренанын салтанаттуу ачылышы 2026-жылдын август айына пландалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом