Кайгуул кызматы Бишкектеги ири жол кырсыгы тууралуу маалымат берди

02.12.2025 | 12:26

Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгы 1-декабрда Төмөнкү Ала-Арча айылында төрт унаа кагышкан жол кырсыгы боюнча маалымат берди. Кырсыктын кесепетинен үч адам, анын ичинде бир бала жабыркап, тез жардам ооруканасына жеткирилген.

Кайгуул кызматтын маалыматы боюнча, болжол менен саат 15:30 чамасында 27 жаштагы К. уулу Э. Mazda-323 үлгүсүндөгү унаасында Кыргыз көчөсү менен түштүк багытта бара жатып, 39 жаштагы К. У. айдап бара жаткан FAW жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Кагышуудан жүк унаасы жол жээгине чыгып, арыкка түшүп, даракка урунган.

Ал эми Mazda-323 андан ары дагы эки унаа менен кагышкан: 64 жаштагы Б. Ш. башкарган Chevrolet Onix жана жол жээгине токтоп турган Hyundai Sonata.

Жол кырсыгынын натыйжасында Mazda-323 менен FAW унааларынын айдоочулары жана Mazda-323 унаасынын 25 жаштагы жүргүнчүсү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Бардык унаалар айып токтотуучу жайга коюлуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Эске салсак, Бишкекте кеминде үч адам жабыркаган ири жол кырсыгы болуп өткөн. Кырсык болгон жерден тартылган видео социалдык тармактарга тараган.

Scroll to Top