Бишкекте сасык тумоонун жайылышынан улам 25 бала бакча карантинге жабылды
Бишкекте сасык тумоонун жана КРВИнин көбөйүшүнө байланыштуу 25 бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу УТРК эфиринде Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин Эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.
Анын айтымында, акыркы жума ичинде ооругандардын саны эки эсеге өскөн. Жалпысынан расмий түрдө 36 миңдей учур катталды, алардын 70%дан ашыгы — 14 жашка чейинки балдар. Эң көп үлүштү 4 жаштагы балдар түзөт.
«Чоңдор ооруп, балдарга жуктуруп жатышат. Ошондуктан негизги оорчулук балдар коллективдерине түшүүдө», — деди Оторбаева.
Өткөн жана ушул жума ичинде Бишкекте 25 бала бакча жабылды. Ысык-Ата районунда карантинге жабылган мектепке чейинки мекемелердин саны 36га жетти. Ош шаарында да бир нече бала бакча жана бир мектеп жабылды. Мындан тышкары, жети мектепте сабакка келгендер аз болгонугуна байланыштуу айрым класстар убактылуу онлайн окутууга өткөрүлдү.
Дарыгерлер кырдаалды мындан ары да мониторинг кылып, ата-энелерди оорунун белгилери бар балдарды бала бакчага жана мектепке алып келбөөгө чакырууда.
Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы КРВИ жана сасык тумоонун көбөйүшүнө карабастан мектептер менен бала бакчалар жапырт карантинге жабылбай тургандыгын билдирген.