Бишкекте 12 жаштагы Со Сынгхён жоголуп кетти

03.12.2025 | 14:50

Бишкекте 12 жаштагы Со Сынгхён жоголуп кетип, аны туугандары жана милиция издеп жатышат. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сызматы билдирди.

Милицияга аял кайрылып, жашы жете элек уулун табууга жардам сураган. Анын айтымында, бүгүн, 3-декабрда, болжол менен саат 09:30дар чамасында бала мектеп мугалими менен чогуу филармонияга экскурсияга келген. Бирок автобустан тушкондо жоголуп кеткен. Азыркы учурда анын кайда экени белгисиз.

Аутизм диагнозу коюлган 12 жаштагы Со Сынгхён кара кышкы куртка, жашыл шым жана кара бут кийим кийген болгон. Моюнунда «Особый ребенок» деген жазуусу бар бейдж, колунда энесинин телефон номери жазылган билерик болгон. Бою — 159 сантиметр, дене түзүлушу — орточо, келбети ак жуумал.

Эгер баланын кайда экени тууралуу кандайдыр бир маалыматыныз болсо, төмөнку телефон номерлерине кабарлашыныз суранышат:
0312 35 29 47, 0312 35 26 05 (кечки), 0705 30 77 03.

Scroll to Top