Газдаштырууга 14 млн сомдон ашык насыя берилди

03.12.2025 | 16:11

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга багытталган «Жеңилдетилген каржылоо-3» долбоору жигердүү ишке ашырыла баштады. 2025-жылдын 13-ноябрына карата программанын алкагында жалпы суммасы 14,38 млн сомду түзгөн 115 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик билдиргендей, жарандардын жана ишканалардын газ тармактарына кошулуусуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатындагы бул долбоор 2025-жылдын апрелинде Министрлер кабинетинин тескемеси менен бекитилген. Бул чара борбор калаанын аймагындагы экологиялык абалды жакшыртуу жана жылытуу үчүн көмүр менен электр энергиясына болгон көз карандылыкты азайтуу боюнча кеңири стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат.

Программаны ишке ашырууга эки мамлекеттик банк — «Айыл Банк» ААКсы жана «Элдик Банк» ААКсы тартылган. Жеңилдетилген насыялоого бөлүнгөн каражаттын жалпы көлөмү 200 млн сомду түзөт.

Scroll to Top