Садыр Жапаров Пакистанга барды

04.12.2025 | 09:40

3-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Пакистанга мамлекеттик сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчынын учагы “Нур Хан” авиабазасына конуп, аны Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, президенти Асиф Али Зардари, ошондой эле башка расмий адамдар тосуп алышкан.

Садыр Жапаровдун келишинин урматына 21 жолу замбирек атылып, эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Бул сапардын алкагында Садыр Жапаров өлкө жетекчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Анда бардык негизги тармактардагы эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле кыргыз-пакистан мамилелерин андан ары өнүктүрүү келечеги талкууланат. Ошондой эле бул сапардын алкагында кыргыз-пакистан бизнес-форуму да өтөт.

Scroll to Top