«Тазалыктын» жетечиси унаа сүзүп каза болгон кызматкер тууралуу комментарий берди

04.12.2025 | 14:06

Унаа сүзүп каза болгон «Тазалыктын» кызматкери боюнча аталган муниципалдык ишкананын жетекчиси Жолдошбек Чуштуков комментарий берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-декабрда, Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында айтып берди.

Шаардык кеңештин депутаты Динара Бекмуратованын суроосуна жооп берип, Жолдошбек Чуштуков каза болгон кызматкердин атайын кийими бар болгонун билдирди.

“Биз видеодон көрдүк, анын жаркырап турган маячогу болгон. Андан тышкары, анын атайын кийими да бар болчу, ал жарыкты чагылдырат”,- деди ал.

Жетекчи кызматкер кырсык учурунда жолду шыпырбай, зебрадан өтүп баратканда болгонун билдирди.

Мындан тышкары ал «Тазалыктын» кызматкерлеринин милдетүү жана ыктыярдуу түрдөгү эки камсыздандыруусу бар экенин айтып, маркумдун жакындарына материалдык жардам көрсөтүлөрүн жана мыйзамда каралган бардык төлөмдөр төлөнөрүн айтты.

Эске салсак, 26-ноябрда Бишкекте белгисиз айдоочу «Тазалык» ишканасынын кызматкерин унаасы менен сүзүп кеткен. Жабырлануучу ооруканада эсине келе албай каза болгон. Кылмышка шектүү кармалган.

Scroll to Top