Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
«Тазалыктын» кызматкерин унаа коюп кетип, каза болду. Шектүү кармалды
02.12.2025 | 10:33
Бишкекте белгисиз айдоочу «Тазалык» ишканасынын кызматкерин унаасы менен сүзүп кеткен. Жабырлануучу ооруканада эсине келе албай каза болду. Жол кырсыгы 26-ноябрда болжол менен саат 07:05те Боталиев жана Кызыл-Кыя көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Байкоо камераларындагы кадрлардан айдоочу сүзгөндөн кийин токтоп, жабырлануучуну бир карап, андан кийин окуя болгон жерден кетип калганын көрүүгө болот. 59 жаштагы Т.К. бир суткадан кийин жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын Издөө бөлүмүнүн кызматкерлери шектүү катары 36 жаштагы Т.А.ны кармашты. Анын унаасын кароо учурунда кузовунда жана алдыңкы айнегинде кырсыктын белгилери аныкталган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар

