Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Путин Орусияда апрель айын толук карантин деп жарыялады
03.04.2020 | 09:38
Орусияда 30-апрелге чейин карантин узартылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Владимир Путин элге кайрылуу жасап жатып билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.
Орусияда коронавирус өтө тездик менен жайылып жатат. Кечээ, 2-апрелде 771 адам вирус жуктуруп алган. Ошол себептен эпидемиянын алдын алуу жана жайылуусун токтотуу максатында апрель айы толугу менен эс алуу катары эсептелинет.
Путин дүйнөдө, анын ичинде Орусияда эпидемиянын күчөгөн маалы кете электигин белгилеген.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар