Кыргызстан Кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясына кирүүнү пландап жататКыргызстан менен Орусиянын Экспорттук борбору агропродукцияларды жеткирүүнү кеңейтетЖамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 20-июнга карата аба ырайыКыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталатТокмокто айдоочулук күбөлүк үчүн практикалык сынак өтүүчү жайдын дареги өзгөрдү
Кыргызстанда коронавирустан бир адам каза тапты
03.04.2020 | 09:24
Кыргызстанда коронавирус илдети адам өмүрүн алган алгачкы учур катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, каза болгон 61 жаштагы жаран Ноокат аймактык ооруканасында биологиялык өлүмдөн каза тапкан.
Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды. Ошондой эле, бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон.
Бүгүнкү күндө республиканын стационарларында COVID-19 инфекциясы тастыкталган 125 бейтап жатат, алардын ичинен 4 оор абалда, 1 бейтап жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар