Салык кызматы ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого зарыл болгон документтердин тизмесин жарыялады
Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы (МСК) ата мекендик ишкерлерге Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө товарларды экспорттоо эрежелерин эске салды. Жүк чек арада кармалып калбашы үчүн, экспорттоочу өзүнүн жанына товарды коштоочу документтердин так аныкталган топтомун алып жүрүүгө милдеттүү.
Документтердин негизги топтому:
Жүктүн түрүнө карабастан, ташуучуда төмөнкүлөр болушу керек:
- Экспорттоочу менен алуучунун ортосундагы келишим (контракт) (жеткирүү шарттары жана баасы көрсөтүлгөн).
- Эсеп-фактура (кирешенин суммасы көрсөтүлгөн салык документи).
- Эл аралык товардык – транспорттук коштомо кагаз (CMR.
- Таңгактоо баракчасы (ичин ачпай туруп текшерүү үчүн).
- СТ-1дин келип чыгуу сертификаты (товар КРда өндүрүлгөнүн тастыктайт).
Атайын документтер:
Продукциянын түрүнө жараша кошумча сертификаттар талап кылынат:
- Шайкештик сертификаты/декларациясы: «Кыргызстандарт» тарабынан лабораториялык сыноолордон кийин берилет (ЕАЭБдин техникалык регламенттерине туура келген товарлар үчүн).
- Фитосанитардык сертификат: өсүмдүктөр жана жашылча-жемиш продукциялары үчүн (зыянкечтердин жоктугун тастыктайт).
- Ветеринардык сертификат: эт, сүт жана мал чарба продукциялары үчүн. «Тулпар» системасы жана «Бирдиктүү терезе» порталы аркылуу таризделет.
- Үрөн продукциясынын шайкештик сертификаты: үрөндөрдү алып чыгууда.
Салык кызматы баса белгилегендей, документтердин толук топтомунун болушу — бажы органдары текшерүүнү ыкчам жүргүзүшүнө, ал эми бизнес токтоп калуудан жана чыгымга учуроодон сактоого кепилдик берет.
Эске салсак, ишкерлер алардын товарлары казак-орус чек арасында туруп калганын кабарлашууда. «Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такирбаева көпчүлүк ишкерлер мындай кризиске биринчи жолу туш болуп жатышы жана жүктөрдү жаңы талаптарга ылайыктап жөнөтүү тажрыйбасы жоктугу менен түшүндүрдү.
Анын айтымында, көйгөй аймактык мүнөзгө ээ болуп, бүтүндөй Борбор Азиядан жана Кытайдан келген жүктөргө таасирин тийгизди. Учурда мындай жүктөрдү алымдарды төлөө аркылуу «мыйзамдаштырууга» жол берген убактылуу ченем иштеп жатат.