Ош шаарына кошулган Жаңы-Маала айылында масштабдуу курулуштар башталат

04.12.2025 | 16:07

2024-жылы Ош шаарынын аймагына кошулган Жаңы-Маала айылында масштабдуу түрдө жаңылоо иштери башталат. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэр Жеңишбек Токторбаев айылдын тургундары менен жолугуп, аларга айылда кандай жаңылоо иштери жүрөрү тууралуу маалымат берген.

Маалыматка ылайык, келерки жылдан тарта айылдагы бардык эски турак-жайлар бузулуп, ордуна жаңы көп кабаттуу үйлөр жана жер тамдар, мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, мечит жана сквер курулат.

Мэр Токторбаев биринчи кезекте 12 жылдык мектептин курулушу башталарын, анын орду даяр экенин белгилеген.

Мэрия бул айылда 4 миңге жакын жаран жашарын маалымдады. Конушта 4 жылдык мектеп менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан башка социалдык обьект жок. Көпчүлүк тургундар эскилиги жеткен үйлөрдө, инфраструктуралык оор шартта күн кечирип келишет.

Scroll to Top