Садыр Жапаровдун Пакистанга сапары: эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоонун негизги келечеги

04.12.2025 | 16:45

Президент Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон сапары маалыматтык-аналитикалык чөйрөдө өзгөчө кызыгууну жаратууда. Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын жетекчисинин Пакистандын жогорку даражалуу жетекчилиги менен жолугушуусунда кыргыз-пакистан кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери талкууланмакчы. Президенттин мамлекеттик сапарынан тышкары, мамлекеттер аралык бизнес-форумду өткөрүү да пландалган.

Бишкек менен Исламабаддын эл аралык кызматташтыктын кеңири спектрин чыңдоо боюнча жигердүү аракетин, баарынан мурда, оң тенденция катары кабыл алуу зарыл. Борбор Азиядан салыштырмалуу алыс жайгашканына карабай, Пакистан Түштүк Азияда өзүнүн стратегиялык кызыкчылыктарын ишке ашырууга кудуреттүү мамлекет болуп саналат. Сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети (СЖП) боюнча ИДПнын көлөмү жагынан дүйнөдө 24-орунду ээлеген, ошондой эле саясий курч кризиске жана инфляцияга карабастан өз аймагында туруктуу өнүгүү динамикасын көрсөтүп жаткан Пакистан экономикасы дагы деле түз чет элдик инвестицияларды тартууга жана ири долбоорлорду ишке ашырууга жөндөмдүү. Бул өңүттөн алганда, пакистандык өнөр жай ишканалары менен өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты кармап туруу — Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн диверсификациялоого (ар тараптандырууга) жана республиканын ички рыногун Пакистандан чыккан товарлар менен байытууга өбөлгө түзөт.

Дүйнөлүк транспорттук-логистикалык инфраструктуранын моделдери тынымсыз өзгөрүп жаткан шартта, эки өлкөнүн логистикалык жактан байланышын өнүктүрүүнүн маанисин жана дараметин баалабай коюуга болбойт. Ошондой эле, кыргызстандык бизнестин Пакистандын экономикалык процесстерине акырындап аралашуусу теориялык жактан эки тараптуу кызматташтыктын өтө пайдалуу аспектисине айланышы мүмкүн. Албетте, көп нерсе Пакистандын азыркы өнүгүү этабындагы саясий, социалдык жана экономикалык абалынан көз каранды. Бирок теориялык жактан алганда, ички процесстер оңунан чечилген учурда, экономикалык өнөктөштүктү активдештирүүдөн стратегиялык пайда алуу толук ыктымал.

Потенциалдуу экономикалык пайда менен катар, Кыргызстандын пакистандык тарап менен эл аралык өз ара аракеттенүүдөн саясий упай топтоо мүмкүнчүлүгүн да белгилей кетүү абзел. Исламабад учурда Борбордук жана Түштүк Азияга таасирдүү көптөгөн аймактык жана аймактан тышкаркы лидерлер менен бекем байланышта. Пакистандын салттуу өнөктөштөрүнүн катарында Орусия, Түркия, Иран, Кытай, ошондой эле Жакынкы Чыгыштын бир катар мамлекеттери, анын ичинде Сауд Аравиясы бар. Жогоруда айтылган ички экономикалык жана саясий кризиске карабай, бул мамлекеттер менен түзүлгөн стратегиялык мамилелер Пакистандын тышкы саясатындагы артыкчылыгын жоготкон жок. Бул факты Кыргызстан үчүн аталган ири державалар менен стратегиялык тышкы саясий демилгелерди чыңдоого жакшы пайдубал боло алат. Муну аймак үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ болгон Пакистан менен эки тараптуу мамилелердин оң маанайын түзүү призмасы аркылуу ишке ашырууга болот.

Өлкө лидерлеринин пландалган жолугушуусунун болжолдуу темаларына токтолсок, күн тартибине эки өлкө тең катышып жаткан эң орчундуу инфраструктуралык энергетикалык долбоор болгон CASA-1000 долбоорун аяктоонун деталдарын талкуулоо маселеси коюлары шексиз. Талкуунун приоритеттүү темаларынын катарында эки тараптын бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыш механизмдерин акырындап жөнгө салуу маселелери да болушу мүмкүн. Буга параллелдүү түрдө бизнес-форум өткөрүү пландалганы да ачык айтып турат. Бизнес-коммуникациянын потенциалдуу багыттарынын арасында эки тараптуу соода-логистикалык, каржы-инвестициялык жана инфраструктуралык-энергетикалык долбоорлор талкууланышы ыктымал.

Мындан тышкары, экономикалык өз ара аракеттенүүнү жана бизнести өнүктүрүү маселелеринен сырткары, жакынкы сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде санариптик жана маалыматтык-технологиялык кызматташтыкты чыңдоо келечеги да каралышы мүмкүн. Жакында эле БАЭКтин (Борбор Азия чөлкөмдүк экономикалык кызматташтыгы) 24-министрлер конференциясынын алкагында Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда жетишилген аймактык байланыштарды жана санариптик кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө макулдашуу лидерлердин жолугушуусунда кеңири талкууланышы мүмкүн.

Дүйнө жүзүндө санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн актуалдуулугу жогорулап жаткан шартта, КР менен Пакистандын ортосундагы IT чөйрөсүндөгү келечектеги биргелешкен долбоорлордун багыттарын аныктоо маселелери өтө маанилүү категорияга кирет. Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда маалыматтык-коммуникациялык байланыш каналынын шарттуу маршрутун куруу жана мындай долбоорду ишке ашырууга Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн тартуу жакшы келечекке ээ жана аймактык масштабдагы потенциалдуу стратегиялык долбоор катары каралышы мүмкүн.

Жалпылап айтканда, эгер эки тараптуу мамилелердин өнүгүү траекториясы туура тандалса, Кыргызстан менен Пакистандын өнөктөштүгү өлкөлөр ортосундагы экономикалык, каржылык, соода-экономикалык жана саясий байланыштардын өз ара пайдалуу көптөгөн механизмдерин ишке киргизүүгө жөндөмдүү. Эки тараптын бийлик өкүлдөрүнүн бул байланыштарды жөн гана колдоп тим болбостон, аларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн издөөгө багыт алганы — Бишкек менен Исламабаддын мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга жакшы түрткү берет.

Дастан Токолдошев

Рубрики: Макалалар
Scroll to Top