Кореяда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктарга 90 күн ичинде өлкөдөн ыктыярдуу түрдө чыгуу мүмкүнчүлүгү берилди

05.12.2025 | 13:22

Түштүк Кореяда жарактуу визасы же иммиграциялык статусу жок жүргөн Кыргызстандын жарандарына аталган өлкөнүн Юстиция министрлиги 90 күндүк ыктыярдуу чыгып кетүү программасын ишке киргизди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Программа 2025–жылдын 1–декабрынан 2026–жылдын 28–февралына чейин жүргүзүлөт.

Аталган программаны пайдаланган чет өлкөлүк жарандар үчүн бир катар жеңилдиктер каралган:

  • көрсөтүлгөн мөөнөттө өлкөдөн ыктыярдуу түрде чыгып кеткен учурда айып пул санкциялары колдонулбайт;
  • мажбурлап чыгарууга тийиштүү болгон учурда колдонулуучу кайра кирүүгө тыюу чаралары колдонулбайт;
  • программа 2025–жылдын 1–декабрына чейин жүрүм–турум тартибин бузгандарга тийиштүү болуп саналат.

Ошондой эле, бул чаралар кылмыштуу аракеттерди кылган же мыйзам боюнча мажбурлап чыгарууга тийиш болгондорго жайылтылбайт.

ТИМ Кореяда мыйзамсыз жүргөн жарандарды айып санкцияларынан жана башка укуктук терс кесепеттерден сактануу максатында жогоруда көрсөтүлгөн мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырат.

Жарандар кошумча суроолор боюнча Кыргызстандын Кореядагы элчилигине төмөнкү ыкчам байланыш номерлер аркылуу кайрыла алышат: +82 10 9798 0951, +82 2 379 0951.

Scroll to Top