2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Бишкек ЖЭБинде кышка көмүр жетиштүүбү? Мекеме жооп берди
08.12.2025 | 16:49
Борбор калаанын Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кампаларында 243,6 миң тонна көмүр топтолду. Мэриянын басма сөз кызматы бул көлөм ишкананын азыркы тапта үзгүлтүксүз иштешине жетиштүү экенин билдирди.
Жалпысынан 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгуу үчүн энергетиктерге 1,4 млн тонна катуу отун керектелет.
Мекеме баса белгилегендей, көмүр ташуу иштери бекитилген графикке ылайык так жүрүп жатат. Керектүү корун кармап туруу максатында, жеткирүү иштери жылуулук берүү мезгили аяктаганга чейин улантылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом