Садыр Жапаров Ашхабаддагы тынчтык жана бейтараптыкка арналган эл аралык форумда сөз сүйлөдү

Бүгүн, 12-декабрда, өлкө башчы Садыр Жапаров Тынчтык жана ишеним эл аралык жылына (2025-жыл), Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган «Тынчтык жана ишеним: туруктуу келечектин кызыкчылыгы үчүн максаттардын биримдиги» аттуу эл аралык форумда сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысы боордош түркмөн элин өлкөнүн туруктуу бейтараптык макамынын 30 жылдыгы менен куттуктап, бул саясат Түркмөнстандын прогрессине жана ички туруктуулугуна бекем негиз болгонун белгиледи.
Ал Кыргызстан Түркмөнстандын Борбор Азиядагы жана коңшу аймактардагы энергетикалык коопсуздукту чыңдоого кошкон салымын жогору бааларын айтты. Президент ошондой эле газ жана энергетикалык ири долбоорлор аймактагы туруктуу энергия менен камсыздоону кеңейтип, экономикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрөрүн кошумчалады.
Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы электр энергиясын жеткирүү жаатындагы кызматташтык ийгиликтүү уланып жатканын, ошондой эле транспорт жана логистика тармагында чоң потенциал бар экенин белгиледи. Кыргызстан жаңы логистикалык чынжырларды түзүүгө жана учурдагы коридорлорду кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
Президент Түркмөнстандын Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушууларын чыңдоодогу ролун да белгилеп, бул түз диалог аймактык чакырыктарды биргелешип чечүүдө маанилүү экенин айтты.
“Биздин өлкөлөрдүн алдында жалпы максат – биргелешип тынчтыкты бекемдөө, чыр-чатактарды алдын алуу жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү турат деп ишенебиз”, – деп белгиледи ал.
Президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында өлкөлөрдүн биргелешкен аракеттери мындан ары да Борбор Азия аймагында тынчтыкты жана ишенимди бекемдөөгө, коңшулаштык мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгиледи.