Бишкекте Маданият университетинин аймагында бак-дарактар мыйзамсыз кыйылганЛенинград блокадасынын жылдыгында дайынсыз жоголгон 19 кыргызстандыктын тагдыры тууралуу маалымат берилетАзисхан Мусабек уулу Көчмөндөр оюндарындагы жеңиши менен спорттук карьерасын жыйынтыктады4-сентябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйтТоктогул ГЭСинин курулушу үчүн компенсацияны беш эсе көбөйтүү сунушталуудаКөкпар боюнча мелдештердин 2-күнүнүн жыйынтыгы: Кыргызстан менен Казакстан алдыда
Бишкек абанын булганышы боюнча 70-орунду ээледи
12.12.2025 | 19:00
12-декабрга карата Кыргызстандын борбору абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде (World Air Quality Index) 70-сапка жайгашты.
Учурдагы AQI индекси 58 бирдикти түзөт. Эл аралык классификацияга ылайык, булгануунун мындай деңгээли «орточо» деп саналат.
Абанын булгануу деңгээли боюнча сунуштамалар
- Көрсөткүчтөр «Жакшы» (0-50) болгондо, сыртта ээн-эркин убакыт өткөрүүгө болот.
- Абанын сапаты «Орточо» (51-100) болгондо, сезимтал адамдарга көчөдө көпкө жүрбөө сунушталат.
- Ал эми «Ден соолукка зыяндуу» (101-150) жана андан жогорку деңгээлде — сыртта жүрүү убактысын чектөө, «Абдан зыяндуу» (150-249) учурда — үйдө калуу, ал эми «Кооптуу» (250+) деңгээлде — кыска убакытка болсо да көчөгө чыкпоо керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом