Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
«Этиканын талаптарын сактаган жок»: Илим жана жогорку билим берүү министри кызматынан бошотулду
15.12.2025 | 17:37

Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында, ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын ченемдеринин талаптарын сактабагандыгына байланыштуу кызматтан кетирилди.
Орозов аталган кызматка ушул жылдын май айында дайындалган.
Эске салсак, президент Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүп, анын ордуна Агартуу министрлигин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигин түзүү боюнча жарлыкка кол койгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат