Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
«Old Bishkek» имаратынын ашыкча кабатын бузуу иштери башталды
15.12.2025 | 17:33
Чүй проспектисинде учурда «Old Bishkek» долбоорунун алкагында курулуп жаткан имараттын үчүнчү кабатын бузуу иштери жүрүп жатат. Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев объектини текшерип кеткенден кийин дароо демонтаждоо иштери башталды.
Текшерүү учурунда куруучу башында бекитилген пландан четтеп кеткени белгилүү болгон. Документтерге ылайык, имарат эки кабаттуу болушу керек болчу, бирок куруучулар үчүнчү кабатын да тургуза башташкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом