Борбор Азия өлкөлөрү БУУнун улутчулдукка каршы күрөшүү резолюциясын колдоштуДоналд Трамп $5 млрд ордун толтуруу талабы менен сотко бергенБишкек абанын булганышы боюнча 27-орунду ээледиЖогорку Кеңеште 5 депутаттык топ түзүлдү. Үч гана депутат топко кирген жокМүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн КМШнын биринчи кышкы спартакиадасы Уфада башталдыСалык кызматы жылдык планды ашыгы менен аткарып, рекорддук 275,7 млрд сом чогултту
Бишкек абанын булганышы боюнча 9-орунду ээледи
16.12.2025 | 19:00
16-декабрга карата Кыргызстандын борбору абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде (World Air Quality Index) 9-сапка жайгашты.
Учурдагы AQI индекси 171 бирдикти түзөт. Эл аралык классификацияга ылайык, булгануунун мындай деңгээли «абдан зыяндуу» деп саналат.
Абанын булгануу деңгээли боюнча сунуштамалар
- Көрсөткүчтөр «Жакшы» (0-50) болгондо, сыртта ээн-эркин убакыт өткөрүүгө болот.
- Абанын сапаты «Орточо» (51-100) болгондо, сезимтал адамдарга көчөдө көпкө жүрбөө сунушталат.
- Ал эми «Ден соолукка зыяндуу» (101-150) жана андан жогорку деңгээлде — сыртта жүрүү убактысын чектөө, «Абдан зыяндуу» (150-249) учурда — үйдө калуу, ал эми «Кооптуу» (250+) деңгээлде — кыска убакытка болсо да көчөгө чыкпоо керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом