Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттары ант берүүдө
17.12.2025 | 10:54
Бүгүн, 17-декабрда, Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депуттары ант берүүдө. Жаңы чакырылыштын биринчи отурумуна өлкө башчы Садыр Жапаров катышууда.
Бүгүнкү жыйынга жаңы шайланган депутаттардын эң улуусу болгон Гүлай Машрапова төрагалык кылып жатат. Жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров жаңы шайланган депуттаттарга мандаттарын тапшырууда.
Белгилей кетсек, 30-ноябрда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өттү. Анын жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттыгына 29 көп мандаттуу округдан 87 деп шайланып келди. Ал эми буга чейин БШК №13 шайлоо округу боюнча шайлоону жараксыз деп тааныган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат