Эрте никеге туруу туруктуу көйгөй бойдон калууда — акыйкатчыБишкекте Kaspi эсептерин ачуу үчүн кыргызстандыктарды азгырган схема аныкталдыОш шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тышын актап-сырдоо иштери жүрүүдөБишкектин Кара-Жыгач конушунда №91 мектептин жаңы окуу корпусу салынуудаЧүйдөгү интернатта өспүрүмдүн сабалганы милициядан жашырылганКыргызстандын футбол боюнча курама командасы канча турат жана эң кымбат оюнчу ким?
УКМК кримтөбөл Көлбаевди каржылаган деген шек менен ишкерди кармады
17.12.2025 | 12:02

Уюшкан кылмыштуу топту каржылап жүргөн деп шектелип, ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, С.К.К. аттуу ишкер маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта болгон, өзүнүн таасирин күчөтүү максатында Көлбаев менен К. Досоновду ай сайын акча которуу менен системалуу түрдө каржылап турган. Ошондой эле алардын колдоосу менен С.К.К. күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргызстанга аткезчилик жол менен алып келип жүргөнү белгилүү болгон.
Атайын кызмат аталган ишкер өзүнө жакпаган адамдарды коркутуу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кайрылып жүргөнүн билдирди.
Ыкчам иштердин натыйжасында ишкер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар