Жогорку Кеңеште 5 депутаттык топ түзүлдү. Үч гана депутат топко кирген жок

Бүгүн, 17-декабрда, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын алгачкы жыйынында депутаттык топторду түзүү маселеси каралды.
«Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамдын 10, 11-беренелерине ылайык түзүлгөн депутаттык топтор, төмөнкүдөй түзүлдү:
«Ата-Журт» депутаттык топтун курамына 18 депутат кирди: Аны депутат Нурланбек Азыгалиев жетектейт.
- Нурланбек Азыгалиев
- Нурланбек Тургунбек уулу
- Куванычбек Конгантиев
- Камила Талиева
- Дастанбек Жумабеков
- Жылдыз Садырбаева
- Улан Бакасов
- Алишер Козуев
- Медербек Алиев
- Гулнара Баатырова
- Санталат Аманова
- Дастан Бекешев
- Табылды Муратбеков
- Гүлай Машрапова
- Жылдыз Эгенбердиева
- Алтынбек Кылычбаев
- Илимбек Кубанычбеков
- Бурун Аманова
Эл өкүлү Кундузбек Сулайманов жетектеген «Мекенчил» депутаттык топтун курамына 19 депутат кирди:
- Кундузбек Сулайманов
- Жамиля Исаева
- Айсаракан Абдибаева
- Абдылдабек Эгембердиев
- Эркеайым Сейитказиева
- Бекмурза Эргешов
- Ырысбек Атажанов
- Шайырбек Ташиев
- Советбек Рустамбек уулу
- Гүлсүнкан Жунушалиева
- Венера Салямова
- Жаныбек Абиров
- Курманкул Зулушев
- Умбеталы Кыдыралиев
- Махабат Мавлянова
- Бекмырза Чолпонбай уулу
- Токтобубу Ашимбаева
- Темирлан Айтиев
- Карим Ханджеза
«Элдик» депутаттык топтун курамына 18 депутат кирди. Топту депутат Акылбек Түмөнбаев жетектей турган болду:
- Акылбек Түмөнбаев
- Уланбек Жаанбаев
- Гуля Кожокулова
- Улан Примов
- Алтынбек Кудайбердиев
- Улукбек Карыбек уулу
- Улукбек Узакбаев
- Эркинбек Исеналиев
- Медина Кайрылбекова
- Чынгыз Ажибаев
- Марлен Маматалиев
- Эдита Тайгараева
- Болот Сагынаев
- Данияр Толонов
- Адилет Белеков
- Жаныбек Аматов
- Бакыт Чомоев
- Айгүл Ахмедова
Нурбек Сыдыгалиев жетектеген «Адилет Кыргызстан» депутаттык топтун курамына 14 депутат кирди:
- Нурбек Сыдыгалиев
- Исманали Жороев
- Равшанбек Рысбаев
- Эльдар Сулайманов
- Нуржамал Торобекова
- Сүйүнбек Өмүррзаков
- Жылдыз Курманалиева
- Гүлшаркан Култаева
- Гульнара Акимбаева
- Бахридин Шабазов
- Бакыт Тентишев
- Рахат Жунушбаева
- Кубанычбек Самаков
- Жылдыз Таалайбек кызы
Депутат Жанарбек Акаев жетектеген «Ала-Тоо» депутаттык топтун курамына 15 депутат кирди:
- Жанарбек Акаев
- Нилуфар Алимжанова
- Сеидбек Атамбаев
- Болотбек Борбиев
- Азамжан Жалилов
- Азамат Исираилов
- Бактыяр Калпаев
- Таалайбек Масабиров
- Гүлкан Молдобекова
- Медербек Саккараев
- Жумабек Салымбеков
- Гүлжан Сатиева
- Азизбек Турсунбаев
- Медер Чотонов
- Чолпон Эсенаманова
Белгилей кетсек, депутаттар Эльвира Сурабалдиева, Эрулан Кокулов, Болот Ибрагимов депутаттык топтордун курамына кирген жок.